AUCA the best 2

2024-04-19

Жаңылыктар

19-сентябрда Бишкекте полумарафон өтөт

Бишкекте 19-сентябрь күнү BISHKEK HALF MARATHON-2021 жарышы өтөт. Жарыш 3, 10 жана 21,1 чакырымга чуркоо жана 3, 10 чакырымга жөө басуу боюнча болот.

10 чакырым жана 21,1 чакырымда эркек жана аялдар арасындагы жеңүүчүлөргө өзүнчө акчалай сыйлыктар каралган. Ал эми 10 чакырымда биринчи орундарга 15 миң сом, экинчиге – 10 миң сом жана үчүнчүгө – 7 миң сомдон берилет.

Ошондой эле 21,1 чакырымдык жарышта биринчи орунга 50 миң сом, экинчиге – 30 миң сом жана үчүнчүгө 20 миң сомдон тапшырылат.

Жалпы байге фонду 264 миң сомду түзөт.

Жарышка катышуучуларды каттоо 18-сентябрга чейин жүргүзүлөт. 10 жана 21,1 чакырымга катталуу 1 миң 500 сом жана 3 чакырымга 1 миң 200 сом турат.

BISHKEK HALF MARATHON жарышы Арча-Бешик конушундагы «Газпром» спорт комплексинин алдында (Жайыл Батыр көчөсү, 66) саат 08:00дө башталат.

BISHKEK HALF MARATHON жарышы Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы, Жеңил атлетика федерациясы жана Эл аралык марафон дирекциясы тарабынан уюштурулган. Ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитети колдоо көрсөткөн.

Марафон тууралуу кененирээк маалыматты runthesilkroad.com сайтынан алууга болот.