AUCA the best 2

2024-07-27

Жаңылыктар

Шымкентте азия чемпионаты өтүп жатат

Казакстан Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын алдында Чымкентте чоңдор жана өспүрүмдөр арасында ок атуу спорту боюнча Азия чемпионаты өтүп жатат. 10-сентябрь күнү башталган чемпионат 20-сентябрга чейин уланат.  Аталган турнир Азия ок атуу конфедерациясы менен Казакстандын ок атуу федерациясынын колдоосу менен уюштурулган.
 Азия чемпионатына  10 мамлекеттен келген 200 спортчу катышууда. Алар: Бахрейн, Индонезия, Кыргызстан, Сауд Арабиясы, Кувейт, Катар, Таиланд, БАЭ жана Өзбекстан.
 
Бүгүн Shymkent Shooting Plaza спорттук комплексинде XIV Азия чемпионатынын ачылыш аземи болуп өттү.
Жолугушууга Шымкенттин акими Мурат Айтенов жана Азия ок атуу конфедерациясынын президенти Шейх Салман Аль -Сабах, Азия ок атуу конфедерациясынын башкы катчысы - Дуйч Алотаиби катышып, мелдештин катышуучуларына ийгилик каалады 
 
Shymkent Shooting Plaza -  Азия чөлкөмүндөгү эң чоң атуу комплекстеринин бири катары эсептелет.