AUCA the best 2

2024-04-20

Жаңылыктар

Борбор Азия чемпионаты: Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы финалга чыкты

Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы Борбор Азия чемпионатынын финалына жолдомо алды.

Турнир  Ферганада (Өзбекстан) 17-августта башталып,  4 команданын катышуусунда өтүүдө.

21-августта жарым финалдык беттеште кыргыз курама командасы өзбек курама командасын 3:0 эсебинде жеңди. Буга чейин командалар турнирдин тайпалык баскычында өз ара беттешкен. Анда Кыргызстандын курама командасы да 3:2 эсебинде жеңишке жеткен эле.

22-августта финалдык оюнда кыргызстандыктар Казакстандын курама командасы менен ойнойт.

Тайпалык этапта Кыргызстандын курама командасы кыргыз спортчуларын 3:2 эсебинде жеңген.

Кыргызстан—Өзбекстан - 3:0