AUCA the best 2

2024-03-28

Жаңылыктар

26-сентябрда ак илбирсти сактоо арналган IEOPARD PAN эл аралык марафону өтөт

Бишкекте 26-сентябрь күнү ак илбирсти сактоого арналган SNOW LEOPARD RUN эл аралык жарым марафону өтөт.

Марафонду Nomad Sport компаниясы уюштурууда. Ага кесипкөй жөө күлүктөр жана спорт сүйүүчүлөрү катыша алат.

Катышуучулар 1, 5, 14 жана 21,1 чакырымга (жарым марафон) чуркашат. Ошондой эле 3төн 10 жашка чейинки балдар үчүн Kid’s Run жарышы өткөрүлөт.

Марафондон чогулган акчанын бир бөлүгү ак илбирсти коргоо боюнча иштерге жумшалат. Уюштуруучулардын айтымында, быйыл чогулган акчага ак илбирсти сактоо иштерин алып барган «Ысык-Көл» биосфералык аймагынын дирекциясы үчүн эки «Нива» унаасы сатып алынат.

COVID-19 пандемиясына байланыштуу жарышта санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышына көңүл бурулат.

Кененирээк маалыматты Nomad Sport компаниясынын сайтынан алууга болот.