AUCA the best 2

2024-05-11

Жаңылыктар

Самбо боюнча дүйнө чемпионаты Ташкентте өтөт

Самбо боюнча дүйнө чемпионаты  12-14-ноябрь аралыгында Ташкентте өтөт. Мындай чечим Эл аралык самбо федерациясынын аткаруучу комитетинин 24-мартта Москвада өткөн жыйынында кабыл алынды.
 
Буга чейин Эл аралык самбо федерациясы дүйнө чемпионаты Москвада өтөрүн билдирген. Бирок былтыр декабрда Спорттук арбитраждык сот Орусияны дүйнө чемпионаттарын жана Олимпиада оюндарын өткөрүүгө эки жылга тыюу салган.

Толугу менен...

Кыргызстандык дзюдочулар Азия жана Океания чемпионатына даярдык көрүп жатышат

Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2021-жылга карата окуу-машыгуу жыйындарынын календарлык планына ылайык, ошондой эле Азия жана Океания чемпионатына даярдык көрүү максатында дзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү (кыз-келиндер жана эркекетер) Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көл облусу) окуу-машыгуу жыйын өткөрүп жатышат.
Жыйын 2021-жылдын 20-мартында старт алган жана 5-апрелге чейин уланат.

Толугу менен...

Криштиану Роналду "Реал" клубуна өтүүгө даяр

"Ювентустун" чабуулчусу Криштиану Роналду Мадриддин Реал клубуна өтүшү мүмкүн. Маалымат булагы билдиргендей, португалиялыктар ага сунуш келип түшсө, испан клубуна кайтып келүүгө даяр. Футболчу өзү Мадриддин оюнуна салым кошо алам деп ишенип, өткөөл мезгилди өткөрүүгө кубанычта болот. Буга чейин "Ювентус" жылына 31 миллион евро жогору айлык алгандыгы үчүн Роналдуну сатууга даяр экендиги маалымдалган. Футболчунун агенти Хорхе Мендес буга чейин Мадрид менен мүмкүн болгон трансфер боюнча байланышкан. Туринцилер кеминде 25 миллион евро сунуш алса, оюнчуну бошотууга даяр.

Толугу менен...

Футбол боюнча Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы (U-23) Непалда өтүп жаткан эл аралык мелдештин 2-турунда тең чыкты.  

Үч Улут Кубогунун экинчи айлампасынын матчында Кыргызстандын командасы мелдеште Непал менен беттешип 0: 0 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. 19-мүнөттө команданын капитаны Камолиддин Ташиев биринчи сары айып кагазын алып, 67-мүнөттө оюндан четтетилди.

Толугу менен...

Көк бөрү оюну боюнча Чүй чемпионаты өтөт

Чүй облусунун Сокулук районуна карштуу  Белек ат майданынында көк бөрү оюну  боюнча чемпионат өтөт.  Мелдешке райондордон сырткары, биринчи жана жогорку лигада ойногон командалар да  катышат. Мындан сырткары башка региондордун командаларында контрактык негизде ойноп келген улакчылар да  катыша алат.

Толугу менен...

Кыргызстандык балбан Россияда өткөн Алыш турниринен алтынын жеңип алды

Кыргызстандык спортчу Азизхан Мусабек уулу Алышта өткөн эл аралык турнирдин алтын медалын жеңип алды. Эл аралык турнир 21-мартта Волоколамск шаарында (Россия) Россия, Беларуссия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан 69 спортчунун катышуусунда өттү.

Толугу менен...

Жеңил отлетика боюнча Кыргызстандын курама командасы Ташкент марофонуна катышат

28-мартта жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү эл аралык Ташкент марафонуна катышат (Өзбекстан). Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Толугу менен...

Олимпиада командасына бөлүнгөн каражат

Олимпиада командасына мамлекет тарабынан 105 миллион сом бөлүнгөн, бирок азырынча 16 миллион сом гана бөлүнгөн. Бул тууралуу депутат Шайлообек Атазов ("Ата Мекен") парламенттин 25-марттагы жыйынында билдирди.

Толугу менен...

Кыргызстан курама командасы экинчи беттешин өткөзөт

Бүгүн, 25-мартта футбол боюнча Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы (U-23) Непалда өтүп жаткан эл аралык мелдеште экинчи беттешин өткөрөт. Ушул күндөрү Катмандуда (Непал) үч команданын - Непал менен Бангладештин курама командаларынын, ошондой эле Кыргызстандын олимпиадалык курама командасынын (U-23) катышуусунда 2021-жылдагы Улуттар Кубогу өтүп жатат.

Толугу менен...

Тайсон 25 миллиондон жана Холифилд менен беттешүүдөн баш тартты

Мушкер Майк Тайсон эки салмактагы мурдагы талашсыз чемпион Эвандер Холифилд менен күрөшүү үчүн 25 миллион долларлык келишимден баш тартты деп билдирди MMA Fighting. Маалыматка ылайык,  тараптар бир нече айдан бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келишкен, ал эми Холифилд тарап келишим сөзсүз түрдө бүтөт деп ишенген. Бирок, Холифилддин өкүлдөрүнүн айтымында, Тайсондун талаптары кабыл алынгыс болуп, келишим ишке ашкан эмес.

Толугу менен...

Бишкек шаарында көркөм гимнастика боюнча республикалык чемпионат өттү

20-21-март күндөрү Бишкек шаарында көркөм гимнастика боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өттү.
Мелдешке жалпысынан 73  спортчу катышты. 
Мелдештин катышуучулары  скакалка, топ, булава жана алкак сыяктуу дисциплиналарда жарышышты. 
Мелдештин ачылуу аземине Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов, Кыргыз Республикасынын гимнастика федерациясынын президенти Асад Асадов катышты.  

Толугу менен...

Оор атлетика дагы Олимпиаданын программасынан четтетилүү коркунучунда туурат

"Эл аралык Олимпиада комитетинин (ЭОК) башчысы Томас Бах оор атлетиканы 2024-жылдагы Олимпиада оюндарынын мелдештеринин программасынан чыгаруу маселеси каралышы мүмкүн" деп билдирди. - 
Тилекке каршы, оор атлетика федерациясы жөнүндө сөз кылышым керек. IWF эскертүүлөргө карабастан биздин талаптарды эске алган жок. Эгерде биздин тынчсыздануубуз жоюлбаса, анда Париждеги Олимпиадага катышуу жана андан кийинки суроолор туулат" - деп билдирди Бах ЭОК Аткаруу комитетинин жыйынтыгы боюнча пресс-конференцияда.

Толугу менен...

Кыргыз күрөш боюнча республиканын чемпиондору аныкталды

22-23-март күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда (Бишкек шаары) кыргыз күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өттү. Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан жана Бишкек шаарынан 226 спортчу катышып, алар 7 салмакта күч сынашты. 
Чемпиондор менен байге ээлери диплом жана медалдар менен сыйланышты. 

Толугу менен...

Адилет Камчыбеков пара-жеңил атлетика боюнча гран-приде коло медаль жеңди

Пара-жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Адилет Камчыбеков жана Арстанбек Базаркулов машыктыруучусу Алмаз Абиров менен бирге 18-20-март күндөрү Тунисте өткөн лицензиялык «Гран-при» мелдешине катышты. 
Адилет Камчыбеков дискти ыргытууда коло медаль жеңди.
 

Толугу менен...

Ошто Нооруз майрамына арналган ат оюндары өттү

16-21-март күндөрү «Төлөйкөн» ат майданында (Ош облусу) Нооруз майрамына арналган ат оюндары өттү. Улуттук оюндарга Баткен, Жалал-Абад, Ош облусунан жана Ош шаарынан командалар катышты. 

Толугу менен...

Үч Улуттар Кубогу: Кыргызстан (U-23) Бангладеш менен ойноду

    23-мартта футбол боюнча Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы (U-23) Непалда өтүп жаткан эл аралык мелдеште старт алат. Катмандуда Үч улут кубогу турнири башталат, ага Непал менен Бангладештин курама командалары, ошондой эле Кыргызстандын U-23 олимпиадалык курама командасы катышат.

Толугу менен...

Бусурманкул Абдибаит уулу Eagle Fighting Championship турнирин жеңип алды

Кыргыз мушкери  Бусурманкул Абдибаит уулу Eagle Fighting Championship турнирин жеңип алды. Мелдеш 19-мартта Краснодар шаарында өттү. Турнирдин башкы картасынын дуэлинде Абдибаит уулу орусиялык Владислав Королевский менен беттешти. Ар бири 5 мүнөттөн турган үч раунддун жыйынтыгында, калыстар өзүнчө чечим менен жеңишти Кыргызстандын өкүлүнө берди.

Толугу менен...

Азат Усеналиев Түркияда өткөн мелдеште биринчи оорунду алды

Кыргыз мушкери Азат Усеналиев Түркияда өткөн "Босфор 2021" турниринде 52 кг салмакта катышып, жениңүүчү аталды.  мындан сырткары Усеналиев баштаган мушкерлер байгелүү оорундары касыз кылды. 57 кг салмакта Акылбек Эсенбек уулу экинчи оорунду касыз кылса, Байжигит Өмүрбек уулу  75 кг салмакта, 81 кг салмакта Эркин Адылбек уулу үчүнчү оорунду багындырды.

Толугу менен...

Нооруз майрманына арналган ат чабыштын жыйынтыктары

Бүгүн, 21-март күнү, Чолпон-Ата шаарынын ат майданында (Ысык-Көл облусу) «Нооруз» элдик майрамына арналган ат оюндарынын алкагында ат чабыш өттү. 
Жеңүүчүлөрдүн жана байгелүү орун ээлеринин ээси:

Толугу менен...

Салбуурун боюнча мыктылар аныкталды

Нооруз элдик майрмына арналган салбуурун боюнча мелдештин жыйынтыктары
 
Бүгүн, 21-март күнү, Чолпон-Ата шаарынын ат майданында (Ысык-Көл облусу) «Нооруз» элдик майрамына арналган ат оюндарынын алкагында салбуурун боюнча финалдык беттештер өттү. 

Толугу менен...

Нуржан Мелисбек "Мыкты Улакчы" аталды

Нооруз майрамынын ошондой эле  Болот Шамшиев, Темир Дүйшөкеев жана Болот Шерниязовдун жаркын элесине арналган турнирдтн алкагында мыктылар аныкталды. Алардын катарында  "Мыкты улакчы" жана "Мыкты аргымак"  наамдары бар. "Мыкты улакчы" наамына  жогорку лиганын курамында оюн көргөзгөн  "Ынтымак" командасынын оюнчусу Нуржан Мелисбек уулу татыктуу болду. Ал эми биринчи лигадан оюн көргөзгөн "Кара-буура" командасынын оюнчусу Ариет Төлөнов татыктуу болду. Мындан сырткары "Мыкты аргымак" наамына "Достук" командасынын Шахмат аргымак ээ болуп, бирининчи лигадан "Жети-Өгүз"  командасынын Чемпион аргымагы таатыктуу болду.

Толугу менен...

Кыргызстандын курама командасы дзюдо боюнча Азиянын Ачык Кубогуна катышты

Казакстандын Актау шаарында өткөн Asian Open Aktau мелдешинде Кыргызстандын курама командасы катышты. Мелдешке алты мамлекеттен 198 спортчу (110 дзюдочу жана 88 дзюдочу аял) катышкан.

Толугу менен...

Баалар маселеси: Тарыхтагы эң кымбат 5 Олимпиада оюндары

Оксфорд изилдөөчүлөрүнүн маалыматына таянсак Олимпиада оюндары дүйнөдөгү эң кымбат спорттук иш-чара экендигин белгиледи. Бул иш-чаранын масштабы өсүп баратканы  байкалып турат. Мелдештердин кайсынысы эң кымбат рейтингдин алдыңкы 5 сабына кирди. Бул тууралуу topsport.kg сайтты Олимпиада оюндарына сарасеп салды.

Толугу менен...

Таш- Көмүр шаарында жаңы заманбап спорт зал колдонууга берилди

Таш- Көмүр шаарында жаңы заманбап спорт зал колдонууга берилди. Маалыматты Кыргыз Республикасынын кол күрөш федерациясынын башкы машыктыруучусу Каныбек Эсенгелдиев сайтка билдирди.

Толугу менен...

Касенов менен Осмоналиев Москвадагы Олимпиадалык кечеге катышты

Улуттук олимпиадачылар ассоциациясынын президенти Шаршеналы Касенов жана Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев Москвада өткөн Олимпиада кечесине катышты. Иш-чараны Россиянын спортчуларынын союзу быйыл экинчи ирет өткөрүп жатат. Ага олимпиада оюндарынын катышуучулары, спорттун ардагерлери жана спорт ишмерлери катышты.

Толугу менен...