AUCA the best 2

2024-04-25

Жаңылыктар

Жеңил отлетика боюнча Кыргызстандын курама командасы Ташкент марофонуна катышат

28-мартта жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү эл аралык Ташкент марафонуна катышат (Өзбекстан). Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.
 
 b7341c13-77b3-421f-827d-9e94e53808a5.jpg
Аталган мелдеште Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча курама командасы төмөнкү курамда көрсөтүлгөн:
 
1. Дарья Маслова, ЭДСЧ;
 
2. Адилет Кыштакбеков, ЭДСЧ;
 
3. Жоодар Кочконбаев, СЧ;
 
4. Илья Тяпкин, ЭДСЧ;
 
5. Мария Коробицкая, ЭДСЧ;
 
6. Гульшаной Сатарова, ЭДСЧ;
 
7. Татьяна Борисова, машыктыруучу.
 
Белгилей кетсек, спортчулар 25-марттан 29-мартка чейин Ташкент шаарына Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын негизги республикалык жана эл аралык мелдештердин календарлык планына ылайык иш-сапарга жөнөтүлөт.