AUCA the best 2

2024-04-20

Жаңылыктар

Бусурманкул Абдибаит уулу Eagle Fighting Championship турнирин жеңип алды

Кыргыз мушкери  Бусурманкул Абдибаит уулу Eagle Fighting Championship турнирин жеңип алды. Мелдеш 19-мартта Краснодар шаарында өттү. Турнирдин башкы картасынын дуэлинде Абдибаит уулу орусиялык Владислав Королевский менен беттешти. Ар бири 5 мүнөттөн турган үч раунддун жыйынтыгында, калыстар өзүнчө чечим менен жеңишти Кыргызстандын өкүлүнө берди.
 
2a0ab4bf-54d3-41dc-b488-8b2ebbd69782.jpg
 
"Бизде бонустар таптакыр жок. Бирок балдар ушундай мушташты көрсөткөндө, мен дароо эле бул эки бала бонус алышы керек деп айттым. Менин оюмча, бул ар бири 100 миң рубль. Келечекте мыкты күрөш жана мыкты нокаут үчүн бонустарды берүүнү улантабыз », - деди EFC лигасынын президенти Шамил Завуров.