AUCA the best 2

2024-03-29

Жаңылыктар

Бишкек шаарында көркөм гимнастика боюнча республикалык чемпионат өттү

20-21-март күндөрү Бишкек шаарында көркөм гимнастика боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өттү.
Мелдешке жалпысынан 73  спортчу катышты. 
Мелдештин катышуучулары  скакалка, топ, булава жана алкак сыяктуу дисциплиналарда жарышышты. 
Мелдештин ачылуу аземине Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов, Кыргыз Республикасынын гимнастика федерациясынын президенти Асад Асадов катышты.  
f6cd5529-3f22-4569-b107-00bffc529b7f.jpg
Чемпионатта 1,2,3 орунду ээлеген спортчулар диплом, медалдар менен сыйланышты.
Жеңүүчүлөр менен байгелүү орун ээлеринин тизмеси: 
Сениорлор, 2002-2005-ж.т.:
1-орун – Айша Изабекова 
2-орун – Агата Быковская
3-орун – Карина  Мустафина
Юниорлор, 2006-2008-ж.т.: 
1-орун – Карина Сапаева 
2-орун – Тинатин Сатыкеева 
3-орун – Эрвина Байрамова
Белгилей кетсек, чемпионат Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын гимнастика федерациясы тарабынан өткөрүлдү.
 
Булак: sport.gov.kg