AUCA the best 2

2024-04-25

Жаңылыктар

Ошто Нооруз майрамына арналган ат оюндары өттү

16-21-март күндөрү «Төлөйкөн» ат майданында (Ош облусу) Нооруз майрамына арналган ат оюндары өттү. Улуттук оюндарга Баткен, Жалал-Абад, Ош облусунан жана Ош шаарынан командалар катышты. 
 
 
5ece96a0-2e60-44fa-8ef0-b40a6a8a777f.jpg Көк бөрү боюнча мелдешке 18 команда катышты.
 
Көк бөрү боюнча жыйынтыктар:
1-орун – Өзгөн шаарынын командасы, байгеси – 50 000 сом
2-орун – Өзгөн районунун командасы, байгеси – 30 000 сом
3-орун – Карасуу районунун командасы, байгеси – 20 000 сом
 
Эр эңиш боюнча жыйынтыктар:
60 кг
1-орун – Үсөнбаев Ислам, Ош облусу, байгеси –  5000 сом
2-орун – Молдоызак уулу Бектур, Жалал-Абад облусу, байгеси –  3000 сом
3-орун – Кадырбеков Кутманбек, Жалал-Абад облусу, байгеси – 2000 сом
70 кг
1-орун – Рысбек уулу Арген, Ош облусу, байгеси – 5000 сом
2-орун – Шафкатбек уулу Нуралы, Ош облусу, байгеси – 3000 сом
3-орун – Таалайбеков Эрбол, Ош шаары, байгеси – 2000 сом
80 кг
1-орун – Абдразак уулу Жаныш, Ош облусу, байгеси – 5000 сом
2-орун – Эгемкулов Асылбек, Ош облусу, байгеси – 3000 сом
3-орун – Кубаныч уулу Кайрат, Ош шаары, байгеси – 2000 сом
90 кг
1-орун – Маматмуса уулу Амантур, Ош шаары, байгеси – 5000 сом
2-орун – Омаралиев Актилек, Жалал-Абад облусу, байгеси – 3000 сом
3-орун – Бекмаматов Уранбек, Ош облусу, байгеси – 2000 сом
+ 90 кг
1-орун – Абдрахманов Турдукул, Ош облусу, байгеси – 5000 сом
2-орун – Ахметов Куштарбек, Жалал-Абад облусу, байгеси – 3000 сом
3-орун – Эшапов Орозбек, Баткен облусу, байгеси – 2000 сом
Булак: sport.gov.kg
 
Кунан чабышта Ош шаарынан “Тору” аты биринчи келип, 20 000 сом байге утту. Аламан байгеде “Хозяйка” аты 1-орунду (30 000 сом байге), “Коксулуу” аты 2-орунду (25 000 сом байге) ээледи.
 
Белгилей кетсек, ат оюндары Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан өткөрүлдү.