AUCA the best 2

2024-03-28

Жаңылыктар

Футбол боюнча Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы (U-23) Непалда өтүп жаткан эл аралык мелдештин 2-турунда тең чыкты.  

Үч Улут Кубогунун экинчи айлампасынын матчында Кыргызстандын командасы мелдеште Непал менен беттешип 0: 0 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. 19-мүнөттө команданын капитаны Камолиддин Ташиев биринчи сары айып кагазын алып, 67-мүнөттө оюндан четтетилди.
19a66f3a-382b-4946-9809-717d94e1fb60.jpg
 
Биринчи турда Кыргызстандын курама командасы Бангладешке 0: 1 эсебинде жеңилип калган.
 
Эки турдун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы турнирдик таблицада бир упайга ээ болду.
 
Бангладеш менен Непал 27-мартта өз ара беттешет. Кыргызстан курама командасынын тагдыры ушул беттештин жыйынтыгына байланыштуу болот.