AUCA the best 2

2024-04-20

Жаңылыктар

Оор атлетика дагы Олимпиаданын программасынан четтетилүү коркунучунда туурат

"Эл аралык Олимпиада комитетинин (ЭОК) башчысы Томас Бах оор атлетиканы 2024-жылдагы Олимпиада оюндарынын мелдештеринин программасынан чыгаруу маселеси каралышы мүмкүн" деп билдирди. - 
Тилекке каршы, оор атлетика федерациясы жөнүндө сөз кылышым керек. IWF эскертүүлөргө карабастан биздин талаптарды эске алган жок. Эгерде биздин тынчсыздануубуз жоюлбаса, анда Париждеги Олимпиадага катышуу жана андан кийинки суроолор туулат" - деп билдирди Бах ЭОК Аткаруу комитетинин жыйынтыгы боюнча пресс-конференцияда.
 
 76f4bc5c-3bb9-4746-b6d1-30cdb5399f0a.jpg
2020-жылдын декабрь айында  120 спортчу катыша турган Париждеги 2024 Оюндарында оор атлетика үчүн квота кыскаргандыгын жарыялаган, ал эми 2020 Олимпиадага 196 спортчу кирген.
 
Эске салсак, 2017-жылдын июнь айында Бах Эл аралык оор атлетика федерациясы (IWF) спортто допинг менен жакшы күрөшпөсө, оор атлетика 2024 оюндарынын программасынан чыгарылышы мүмкүн деп жарыялаган. 2020-жылы Токиодогу Жайкы Олимпиада оюндары 2020-жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин өткөрүлүшү керек болчу, бирок коронавирус пандемиясынын айынан 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейинки мезгилге жылдырылган.