AUCA the best 2

2024-04-20

Жаңылыктар

Кыргызстан курама командасы экинчи беттешин өткөзөт

Бүгүн, 25-мартта футбол боюнча Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы (U-23) Непалда өтүп жаткан эл аралык мелдеште экинчи беттешин өткөрөт. Ушул күндөрү Катмандуда (Непал) үч команданын - Непал менен Бангладештин курама командаларынын, ошондой эле Кыргызстандын олимпиадалык курама командасынын (U-23) катышуусунда 2021-жылдагы Улуттар Кубогу өтүп жатат.

b4d2cc15-bff0-40cf-b7ef-18241b354098.jpg

  Тайпалык этаптын экинчи  турундагы беттеште Кыргызстан курама командасы Непал курама командасы менен ойнойт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 17: 45те башталат. Биринчи турда кыргызстандыктар Бангладеш курама командасына өз дарбазасына бир гол киргизип, утулуп калган. Тайпалык этаптын жыйынтыгы боюнча 1-2-орундарды ээлеген командалар финалга чыгышат.