AUCA the best 2

2024-04-19

Жаңылыктар

Самбо боюнча дүйнө чемпионаты Ташкентте өтөт

Самбо боюнча дүйнө чемпионаты  12-14-ноябрь аралыгында Ташкентте өтөт. Мындай чечим Эл аралык самбо федерациясынын аткаруучу комитетинин 24-мартта Москвада өткөн жыйынында кабыл алынды.
 
Буга чейин Эл аралык самбо федерациясы дүйнө чемпионаты Москвада өтөрүн билдирген. Бирок былтыр декабрда Спорттук арбитраждык сот Орусияны дүйнө чемпионаттарын жана Олимпиада оюндарын өткөрүүгө эки жылга тыюу салган.
c20e3326-41a1-478f-a3d4-a9049745180e.jpg
 
Буга байланыштуу самбо мелдеши Ташкентте өтмөй болду.
Азиялык самбо федерациясы дүйнө чемпионатына катыша турган спортчуларга Өзбекстанга виза алууга жардам берүүнү убада кылды.
 
Самбо боюнча Азия чемпионаты да быйыл июль айында Ташкентте өтөт.