AUCA the best 2

2024-04-25

Жаңылыктар

Олимпиада командасына бөлүнгөн каражат

Олимпиада командасына мамлекет тарабынан 105 миллион сом бөлүнгөн, бирок азырынча 16 миллион сом гана бөлүнгөн. Бул тууралуу депутат Шайлообек Атазов ("Ата Мекен") парламенттин 25-марттагы жыйынында билдирди.
 
 
4662611f-a310-4f92-894a-550f892fb6ee.jpg  «Бул Каржы министринин спортко жана биздин олимпиадачыларга болгон шалаакылыгы. Олимпиада 3 айдан кийин башталат. 40 жылдан ашуун убакыттан бери Кыргызстандан Олимпиада чемпиондору болгон эмес », - деп билдирди Атазов
 
Эмнеге ушул убакка чейин каражат бөлүнбөй жаткандыгын билүү үчүн протоколдук тапшырма берүүнү суранды. Атазов ошондой эле олимпиаданын байгелери үчүн сыйлыктарды 40 миллион сомго чейин көбөйтүүнү сунуштады: жарымы мамлекеттин эсебинен, жарымы демөөрчүлөрдүн эсебинен.