AUCA the best 2

2024-04-23

Жаңылыктар

Нуржан Мелисбек "Мыкты Улакчы" аталды

Нооруз майрамынын ошондой эле  Болот Шамшиев, Темир Дүйшөкеев жана Болот Шерниязовдун жаркын элесине арналган турнирдтн алкагында мыктылар аныкталды. Алардын катарында  "Мыкты улакчы" жана "Мыкты аргымак"  наамдары бар. "Мыкты улакчы" наамына  жогорку лиганын курамында оюн көргөзгөн  "Ынтымак" командасынын оюнчусу Нуржан Мелисбек уулу татыктуу болду. Ал эми биринчи лигадан оюн көргөзгөн "Кара-буура" командасынын оюнчусу Ариет Төлөнов татыктуу болду. Мындан сырткары "Мыкты аргымак" наамына "Достук" командасынын Шахмат аргымак ээ болуп, бирининчи лигадан "Жети-Өгүз"  командасынын Чемпион аргымагы таатыктуу болду.
 
 61e05f12-007a-4dd6-a71a-f53eaf209450.jpg
 Сыйлоо аземине Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун милдетин аткаруучу Канат Шабданбаев жана Кыргыз Республикасынын көк бөрү федерациясынын президенти Искендер Кадыркулов катышты.
 
Кайрат Иманалиев оюндун катышуучулары жана иш-чаранын конокторун Нооруз майрамы менен куттуктап өттү: «Кыргызстанда ынтымак, тынчтык болсун! Ат жалында өскөн кыргыз жигиттерибизге ар дайым Жараткан улуу намыс берсин! Спортчулардын, машыктыруучулардын, спорт күйөрмандардын спортко болгон сүйүүсү, жоопкерчиликтүү мамилеси үчүн биздин спорттун улуттук түрлөрү өнүгүп, өлкөбүздүн желеги бийик даражалуу мелдештерде желбиреп келе жатат».
 
Жеңүүчүлөрдүн жана байге орун ээлеринин тизмеси:
 
Жогорку лига:
1-орун – «Ынтымак» командасы, Талас облусу, байге – 500 000 сомов;
2-орун – «Достук» командасы, Ош облусу, байге – 200 000 сомов;
3-орун –«Сары-Өзөн» командасы, Чуй облусу, байге – 100 000 сомов.
4-орун – «Ала-Тоо» командасы, Ош шаары, байге – 70 000 сомов;
5-орун – «Жаш Күч» командасы, Баткен облусу, байге – 50 000 сомов;
6-орун – «Мурас» командасы, Ысык-Көл облусу, байге – 30 000 сомов.
 
Биринчи лига:
1-орун – «Кара-Буура» командасы, Талас облусу, байге – 100 000 сомов;
2-орун – «Жети-Өгүз» командасы, Ысык-Көл облусу, байге – 50 000 сомов;
3-орун – «Бакубат Талас» командасы, Талас облусу, байге – 30 000 сомов.
 
4-орун – «Сокулук» командасы, Чүй облусу, байге – 20 000 сомов.
Мыкты оюнчу болуп Жогорку лиганын «Ынтымак» командасынын оюнчусу Нуржан Мелисбек уулу жана Биринчи лиганын «Кара-Буура» командасынын оюнчусу Ариет Толонов таанылышты жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
 
Ошондой эле, Чемпион атына («Жети-Өгүз» командасы, Биринчи лига) жана Шахмат атына («Достук» командасы, Жогорку лига) мыкты наамы ыйгарылды. Аларга да акчалай сыйлык тапшырылды.
6406aa6b-3551-4b63-9993-38fb449bed28.jpg
32b36e43-4f2e-44a1-ad2c-fd5ac1a5b6ac.jpg