AUCA the best 2

2024-03-29

Жаңылыктар

Таш- Көмүр шаарында жаңы заманбап спорт зал колдонууга берилди

Таш- Көмүр шаарында жаңы заманбап спорт зал колдонууга берилди. Маалыматты Кыргыз Республикасынын кол күрөш федерациясынын башкы машыктыруучусу Каныбек Эсенгелдиев сайтка билдирди.

-0-0-0-0-hgxgg.jpg

Айтымында бүгүн Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында спорт залдын ачылышы болду. Ачылышка Кыргыз Республикасынын кол күрөш федерациясынын президенти Съездбек Абдылдаев, Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасы Сагын Кудайбердиев , Таш-Көмүр шаардык спорт комитетинин төрагасы Таалай Калкыбаев жана жергиликтүү жарандар катышты. "Дем берүү" борборунун каржылык колдоосу менен 2018-ж курулуш иштери башталган бул спорттук жайда кол күрөш, паурлифтинг, гира көтөрүү боюнча машыгуулар өтөт. Спорт залга башкы демөөрчү болуп, Таш-Көмүр шаарынын кол күрөш федерациясынын президенти Эрик Орозбаева 300 миң сом каражат бөлгөн. Жалпы элдик жана спортго кайдыгер эмес жарандардын салымы менен 1700000 млн сом сарпталды дейт К. Эсенгелдиев.

-0-0--hklfcjklhfcj.jpg

-00-0--0gkjhfjighfjilhnnmh.jpg