AUCA the best 2

2024-04-24

Жаңылыктар

Виталий Гардеев атындагы самбо боюнча Эл аралык мелдеш Ысык-Көл жергесинде болот

Самбо боюнча беш мамлекеттин башын бириктирген Эл аралык мелдеш Ысык-Көл жергесинде орун алат. Турнир Кызыл жылдыз орденинин ээси Виталий Гордеевдин жаркын элесине арналып, быйыл отуз төртүнчү ирет өтүп жатат.
Мелдеш 5-августтан, 8-августка чейин уланып, Оруссия, Казакстан, Өзбекстан жана Франциянын спортчулары катышат. Аталган өлкөлөрдөн келе турган спортчулардын жалпы саны учурда  элүүдөн ашууда. Мындан сырткары турнирде жеңишке жетишкен балбандар Кыргыз Республикасынын спорт чебери наамына ээ болот. 
Ошондой эле Кыргызстандын самбо боюнча спорт чеберилерт да мелдешке катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ал эми кыз-келиндер арасында жети салмак категориясында (50 кг, 54 кг, 59 кг, 65 кг, 77 кг, 80 кг, +80кг) күч сынашат. Эркектер арасында да жети салмак категориясында (58 кг, 64 кг, 71 кг, 79 кг, 88 кг, 98 кг, +98кг) мелдеш өтөт. 
Белгилей кетсек, турнир күжүрмөн самбо жана спорттук самбо түрү боюнча болот. Мындан тышкары Кыргызстанда самбо боюнча жалпы отуз спорт чебери, он эл аралык класстагы спорт чебери жана элүү талапкер бар.