AUCA the best 2

2024-04-20

Жаңылыктар

Жантөрө Ташиев жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда коло медалды жеңип алды

Кыргызстандык спортчу Жантөрө Ташиев Польшада өткөн бокс боюнча өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпиондугунда коло медалды жеңип алды. Ал 64 кг салмак категориясындагы мелдешке катышып, 1/16 финалдан баштаган.
 
 1147674.8ce562fa06992e8e11e601ec55287480
Алгач Ташиев Сербиянын мушкерин жеңип, андан соң Армениянын өкүлүн беттештен нокаутка учуратты. Чейрек финалдык жолугушууда Ташиев орусиялык спортчуну 3: 2 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан. 20-апрелде жарым финалдык беттеште Ташиев Өзбекстандын мушкери менен беттешип, бир добуштан чечим менен утулуп калган.
 
Жантөрө Ташиев бул салмакта 3-орунду ээлеп, коло медалга ээ болду. Бул турнирдин кармаштарын Кыргызстандан кошумча класстагы калыс Мукаш Ырсалиев тейлейт.
64 кг чейин 16 апрель 1/16 финал Стефан Камович (Сербия) - Жантөрө Ташиев - 2: 3
17 апрель 1/8 финал Жантөрө Ташиев - Арутюн Хакобкохян (Армения) - 5: 0
19-апрель 1/4 финал Жантөрө Ташиев - Михаил Зайнулабидов (Россия) - 3: 2
20-апрель Жарым финал Жантөрө Ташиев - Бозорбой Матякубов (Украина) - 0: 5