AUCA the best 2

2024-03-29

Жаңылыктар

Кыргызстандык дзюдочулар Казанда өткөн мелдеште катышат

5-7 май күндөрү Казанда дзюдо боюнча "Чоңшлем" турнири өтүп, ага Кыргызстандын спортчулары да катышат.

 

Турнирге дүйнөнүн 79 өлкөсүнөн 408 дзюдочу жана аял дзюдочулар катышууда. Кыргызстандын атынан 8 спортчу катышууда. 5-май, шаршемби күнү өткөн Казан Гран-присинин биринчи мелдеш күнүндө жеңил салмактагы категориялардын өкүлдөрү татамиге чыгышкан. 60 килограммга чейинки салмак ченинде катышкан Айбек уулу Кубанычбек менен Отар Бестаев биринчи раундда утулуп калган. Мындан сырткары 66 кг салмакта күч сынашкан Кыргызстандын дагы эки дзюдочусуна  - Артур Те жана Чыңгызхан Сагыналиев да жеңилүү ызасын тартып калышкан. 

 


Олимпиадага чейинки Казандагы "Чоң шлем"   турнири 7-майга чейин уланат. Кыргызстандын атынан Асад Масабиров менен Владимир Золоевди (81 кг), Эрлан Шеровду (90 кг) жана Бекболот Токтогоновду (100 кг дан жогору) күтүп жатабыз.