AUCA the best 2

2024-04-26

Жаңылыктар

Кыргызстандык үч спортчу Олимпиада оюдарына лицензия алды

Жоломан Шаршенбеков, Үзүр Жусупбеков жана  жана Акжол Махмудов Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына лицензиялык жолдомо алды. 
60 кг салмакта  катышкан Шаршенбеков чейрек финалдагы атаандашы кореялык Ханжаэ Чунг болгон. Таймаш кызуу жүрүп, кыргызстандык балбан 6:2 эсебинде жеңишке жетип, жарым финалга чыккан.
 
13bc6d5c-3066-4aa1-9476-49fb6700221d.jpg
Финалга чыгуу үчүн болгон беттеште Шаршенбеков индиялык Ганендер менен күрөшүп, 6:1 эсебинде жеңишке жетти.
Жыйынтыгында кыргызстандык балбан финалга чейин жетип, Токиодогу Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды. Ал эми 77 кг салмакта катышкан Акжол Махмудов. 
Жарым финалдык жолугушууда килем үстүндө индиялык Сингх Гурприт менен кездешти. Махмудов 8: 2 эсебинде жеңишке жетип, финалга чыгып, Токиодогу Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды.
Үзүр Жусупбеков 97кг салмакта катышып, финалдык беттеш учурунда Түштү Кореялык атаандашын жеңген. жыйынтыгында кыргызстандык балбан Олимпиадалык оюнга лицензия алган.
Бул лицензия Кыргызстан үчүн жетинчи болду. Буга чейин Айсулуу Тыныбекова жана Атабек Азисбеков, Дария Маслова, Юлия Андреева жана Мария Коробицкая жана Денис Петрашов Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алышкан.
 
55f3989d-f9da-4561-9a21-92ef46c4cfdd.jpg