AUCA the best 2

2024-07-27

Жаңылыктар

Кубанычбек Айбек уулу Азия чемпионатынын коло медалга ээ болду

Кыргызстандык спортчу Кубанычбек Айбек уулу Бишкекте өткөн дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатында коло медалга ээ болду. Турнир 6-апрелде башталып, биринчи күнү аялдар жана эркектер арасында 5 комплект медаль ойнотулду.
 
 791134.9cc08258ef78bdbe41ba9b196d044386.jpg
Айбек уулу 60 килограммга чейинки салмак категориясындагы мелдешке катышып, 1/8 финалдык баскычтан баштап, Түркмөнстандын өкүлүн жеңип алды. Чейрек финалда кыргызстандык Риодогу Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси, дүйнө чемпиону, Азия жана Азия оюндарынын жеңүүчүсү Казакстандан Элдос Сметовду утуп алды.
 
Жарым финалда Айбек уулу Кытай Тайбэйинин спортчусуна утулуп, коло үчүн болгон беттеште өзбек спортчусун жеңип алды.
 
Бул салмак категориясынын жыйынтыктоочу протоколунда ал 3-орунду ээлеп, коло медалдарын жеңип алды.
66 килограммга чейинки салмак ченинде Артур Те коло үчүн күрөшүп, бирок жеңилип, акыркы 5-орунду ээледи.
 
Жалпысынан мелдештин биринчи күнүндө Кыргызстандан 9 спортчу татамиге чыкты.