AUCA the best 2

2024-04-27

Жаңылыктар

Бүгүн Махмудов менен Шаршенбеков Токио олимпиадасына жолдомо үчүн күч сынашат

Бүгүн, 9-апрелде Алматы шаарында (Казакстан) Азия чөлкөмүндөгү Токиодогу (Япония) Олимпиада оюндарына лицензиялык мелдеш башталды. Мелдештин биринчи күнүндө Токиодогу оюндарга грек-рим күрөшү боюнча 12 жолдомо ойнотулат. Килемге Кыргызстандан 5 спортчу чыкты. 


a85acf4d-c73a-413b-9544-7ba6201b59ca_1.jpg

 Алар: 60 кг - Жоламан Шаршенбеков

67 кг - Марлен Асикеев

77 кг - Акжол Махмудов
97 кг - Узур Джузупбеков
130 кг - Роман Ким

Лицензияларды утуп алуу үчүн, финалга чыгышы керек.

 Алдын ала раунддун беттештери саат 11: 00дө, жарым финал 13: 00дө башталды.  Ал эми 60 кг салмакта катышкан Жоломан Шаршенбеков жарым финалга чыккан. Мындан сырткары 77 кг салмакта катышкан Акжол Махмудов жана 97 кг салмакта Үзүр Жусупбеков жарым финалга чыкты.  

 Белгилей кетсек 87 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргызстандын Олимпиадага жолдомосу бар. Аны 2019-жылы Дүйнө чемпиондугунда Атабек Азисбеков жеңип алган.