AUCA the best 2

2024-07-27

Жаңылыктар

Улуу жеңишке 76 жыл

Бүткүл Кыргызстан бүгүн Улуу жеңиш күнүн белгилөөдө. 9-май - Экинчи дүйнөлүк согуштун бир бөлүгү болуп саналган Улуу Ата Мекендик согуштун бүткөн күнү. Германия менен СССРдин ортосундагы согуш 22-июнда башталып, 1945-жылдын 9-майында СССР жеңишке жеткен. Ал эми Экинчи дүйнөлүк согуш 1939-жылдын 1-сентябрында тутанып, 1945-жылдын 2-сентябрында аяктаган.

 

Тарыхта 1939-жылы башталган Экинчи дүйнөлүк согуштун бир бөлүгү (1941-1945-жж.) Улуу Ата Мекендик согуш деп аталат. Ал согушка ошол кездеги СССРдин курамындагы мамалекет катары Кыргызстандан 360 миңден ашуун адам аттанган. Алардын 114 миңден ашыгы кайтпай калган, 56 миңден көбү дайынсыз жоголгон.​ 150 миңдей кыргызстандык согушта көрсөткөн эрдиктери үчүн түрдүү орден-медалдарга, сыйлыктарга ээ болушкан.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 9-май - Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 76 жылдыгы менен кыргызстандыктарды куттуктады. Анда Жапаров «Жеңиш күнү эрдиктин жана даңктын, тынчтык жана эркиндик үчүн каарман эмгектин символу болуп кала берет” деп билдирди. Президент Улуу Ата Мекендик согушта жеңишке жетүү үчүн кыргызстандыктар зор салым кошконун белгиледи.

“Бүгүнкү күнү биз согуш талааларында жана оорукта жеңишке жетүү үчүн өз жанын аябаган баатырларыбызды терең ыраазычылык жана зор сыймык менен эскеребиз. Бул Улуу Жеңишке сиздер эрдик, каармандык, биримдик жана талыкпас эмгек менен жеттиңиздер. Бул бизге чоң жоопкерчиликти жүктөйт. Биз өлкөбүздүн тынчтыгын, бейпилдигин сактоого, элибиздин байгерчилигине жетишүүгө жана мамлекетибизди бекемдөөгө милдеттүүбүз”, - деп айтылат президенттин куттуктоосунда.