2024-11-21
Жаңылыктар
Жалал-Абад облусунун башчысынын кичи футбол боюнча өтмө кубогу болуп өттү.
Жер-жерлерде спортту өнүктүрүү максатында Жалал-Абад облусунда башсычсынын кичи футбол боюнча өтмө кубогу болуп өттү. Мелдештин жыйынтыгында ар бир командага акчалай жана кубок медалдар ыйгарылды.
Ал эми биринчи орунга коюлган кубок жана 35 миң акча каражатына Тогуз-Торо районунан келген команда ээ болду. Экинчи орунду Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгы 25 миң сом, үчүнчү орунду Жалал-Абад шаарынын мэриясы 15 миң сом, төртүнчүлүктү Ала-Бука районунун командасы багындырып, 10 миң сом акча каражаты тапшырылды.
Мындан сырткары мелдештин алдыңкы оюнчусу, чабуулчу, жарым коргоочу жана мыкты көрүүчүлөрүнө диплом жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.