2024-07-27
Жаңылыктар
Балбан Эрназар Акматалиев Алматы шаарында өткөн лицензиялык турнирде жеңишке жетти
Кыргызстандык Эрназар Акматалиев Казакстанда өткөн лицензиялык турнирде Олимпиада оюндарына жолдомо алды. 6-9 апрель күндөрү Алматы шаарында эркин күрөш боюнча квалификациялык турнир өтүп жатат. Акматалиев эркин күрөш боюнча мелдешке 65 кг салмакка чейин катышты.
![843821.49b1a1cd64e3795c7aa8d38377887dee.jpg](/images/843821.49b1a1cd64e3795c7aa8d38377887dee.jpg)
Акматалиев финалга чейин жетип, Токиодогу Олимпиада оюндарына лицензия утуп алууга жетишти.
Финалдык беттеште кыргызстандык ирандык балбан менен кез келип, ага эсепте утулуп, бирок жыйынтыгында жеңишти жулуп алды - 15:13. 57 килограммга чейинки салмак ченинде Бекболот Мырзаназар уулу коло медалга ээ болду.