AUCA the best 2

2024-03-28

Жаңылыктар

Азиз Мадаминов бильярд боюнча 2021 Дүйнөлүк Кубогунун жарым финалына чыкты

Кыргыз спортчусу  Азиз Мадаминов 8-марттан 31-майга чейин Москва шаарында өтүүчү "Эркин Пирамида" дисциплинасы боюнча бильярд боюнча 2021-жылдагы Дүйнөлүк Кубокто жарым финалга чыкты. Оруссиянын бильярд спорту федерациясынын маалыматы боюнча, мелдешке Россия, Беларуссия, Кыргызстан, Украина жана Молдовадан келген 8 күчтүү бильярдчы катышууда. Турнирдин байге фонду 1 100 000 рублду түзөт.
 
1617812397_aziz-madaminov-polufinal.jpg
15-мартта өткөн мелдештин биринчи беттешинде Азиз Мадаминов орусиялык Иосиф Абрамовдон күчтүү болду - 6: 4, ал эми 5-апрелде беларуссиялык Владислав Радионовду ушундай эле эсеп менен утуп алды. Мадаминовдун жарым финалдагы атаандашы кийинчерээк аныкталат.
 
Бильярд боюнча Дүйнөлүк Кубоктун жарым финалы 17-24 майга, ал эми финалы 31-майга пландаштырылган.
 
Кубоктун бардык матчтары Матч аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт. Беттештер ар дүйшөмбү күнү Бишкек убактысы боюнча саат 01: 00дө башталат.