AUCA the best 2

2024-04-19

Жаңылыктар

Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчиси кызматтан кетти

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчиси Жоомарт Шамканов ээлеген кызматынан кетти.

Ал өз ыктыяры менен кызматтан бошотуу тууралуу арыз жазганы айтылууда.

Шамканов бул кызматка 2018-жылы 23-январда дайындалган.

Ошондой эле анын орун басары Эрлан Бекманбетов дагы кызматынан кетти.

Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп Шамкановдун экинчи орун басары — Нурлан Тойчубеков дайындалды.