AUCA the best 2

2024-04-30

Жаңылыктар

Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарында алтын медаль багындырды

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарында алтын медаль багындырды.

Финалдык беттеште кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков япон спортчусу Аята Сузуки менен кез келип, анын далысын жерге басып, таза жеңишти камсыздады.

Азия оюндарына Шаршенбеков 8/1 финалдан тарта катышып, 60 кг салмак категориясында беттешти.

Шаршенбеков алгач тажикстандык Асламджон Азизов менен кез келип, аны 8:5 эсебинде утуп алды. Андан соң кыргыз балбаны кореялык Чон Ханджеге бир дагы мүмкүнчүлүк бербестен, 9:0 эсебинде жеңди. Жарым финалда Шаршенбеков өзбекстандык Исломжон Бахрамовду артта калтырып, финалга чыккан.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. 24-сентябрда башталган спорттук иш-чара 8-октябрга чейин уланмакчы.

Белгилей кетсек, Жоламан Шаршенбеков дүйнөнүн эки жолку чемпиону.