AUCA the best 2

2024-04-30

Жаңылыктар

Азия оюндары: Каратечи Кымбат Тойтонова коло медаль тагынды

Кыргызстандын карате боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Кымбат Тойтонова Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында коло медаль тагынды.

Аталган мелдешке кыргыз спортчусу 61 кг салмак ченинде катышып, алгач кореялык атаандашын, андан соң бангладештик спортчуну жеңген.

Ал эми чейрек финалда кытайлык спортчу менен кез келип, желүү ызасын тарткан.

Коло байге үчүн беттеште Тойтонова камбожалык атаандашын жеңип, 3-орунду ээледи.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. 24-сентябрда башталган спорттук иш-чара 8-октябрга чейин уланмакчы.