AUCA the best 2

2024-03-28

Жаңылыктар

Кыргыз футбол союзунун президенти Канат Маматов кызматтан кетти

Кыргыз футбол союзунун президенти Канатбек Маматов өзү жазган арызынынын негизинде кызматтан кетет. Маалыматка ылайык аткаруу комитетинин мүчөлөрү 11-октябрда конгресске чогулуп, Маматовдун отставкасын карап, уюмдун жаңы жетекчисин шайлайт.

Ал эми аталган кызматка Маматовдун ордуна Кыргыз футбол союзунун мурдагы башкы катчысы Медербек Сыдыковдун жана уюмдун мурдагы президенти Семетей Султановдун талапкерлиги көрсөтүлүп жатканын жазды.

Канатбек Маматов Кыргыз футбол союзунун (ред. мурдагы аталышы Кыргызстандын футбол федерациясы) уюмуна 2019-жылдын 9-февралында төрт жылдык мөөнөткө шайланган. Ал мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшырган Семетей Султановдун ордуна келген эле.

Буга чейин Маматов футбол федерациясынын вице-президенти болуп эмгектенген. Ал 1998-жылы ОшМУнун Дене тарбия кафедрасын жетектеген. 2007-жылдан 2009-жылга чейин Жогорку Кеңеште фракция лидеринин жардамчысы болуп иштеген. 1995-жылдан 2004-жылга чейин Кыргызстандын "Динамо" (Ош), "Алдиер", "Жаштык - Ак-Алтын", "Алай" клубдарында жана Индиянын “Ист Бенгал”, “Хал” клубдарында ойногон.

2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо "Мекеним Кыргызстан" партиясынын тизмесине кирген.