AUCA the best 2

2024-03-28

Жаңылыктар

Футбол: Азия кубогу U-23: Кыргыз футболчулары Араб Эмираттарын спортчуларын женди

Футбол боюнча Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы 23 жашка чейинки курама командалар арасындагы Азия Кубогунун тандоо турунда ийгиликтүү баштады.

Азия Кубогунун тандоо туру Фуджейра шаарында Бириккен Араб Эмираты (БАЭ), Кыргызстан, Индия жана Оман курама командаларынын катышуусунда өтүүдө.

24-октябрь күнү биринчи турдун беттештери орун алган. Нурбек Жолдошев жетектеген Кыргызстандын курама командасы БАЭден келген атаандаштары менен беттешип, 2:1 эсебинде жеңишке жетишти.

 

1-тур, 24-октябрь

БАЭ — Кыргызстан - 1:2

Голдор: Халед Мохаммед Алблуши, 45+2 (1:0); Амир Жапаров, 77 (1:1); Арлен Шаршенбеков, 87 (1:2)

Ал эми кийинки беттеш 27-октябрь күнү болот. Мелдеште Омандан келген спортчулар менен күч сынашат.  Бишкек убактысы боюнча 18:50 дө башталат. Ошондой эле 30-октябрь күнү Индиянын командасына каршы беттеш өткөрөт. Мелдеш Бишкек убактысы боюнча 22:30 да башталат.