AUCA the best 2

2024-05-02

Жаңылыктар

Күрөш федерациясы ийгилик жараткан спортчуларды куттуктады

1-ноябрда Күрөш федерациясы ушул жылы эл аралык ири мелдештерде – дүйнө биринчилигинде, Азия оюндарында жана башка эл аралык турнирлерде жеңишке жеткен спортчуларды сыйлады.

Салтанатта Кыргызстанда грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшүнүн өнүгүшү, машыктыруучулар, спортчулар, калыстар, дарыгерлер жөнүндө баяндаган тасма көрсөтүлдү.

Иш-чарада эл аралык турнирлерде жеңишке жеткен Кыргызстандын балбандарына 17 миллион сом акчалай сыйлык бөлүп берилди. Спортчулардын артында талыкпай эмгек кылган машыктыруучулар менен дарыгерлер да өзгөчө сыйга татыды.

Федерациянын президенти Мелис Турганбаев спортчуларды жаркын жеңиштери менен куттуктап, эл аралык аренада өлкө  намысын коргоп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди:

“Сыйлыгыңар кут болсун! Кыргызстандын атын даңктап, ийгилик жаратып жатканыңар үчүн ыраазычылык билдирем. Алдыда маанилүү болгон олимпиада оюндары турат. Мына ушул оюндарда жеңишке жетип, Парижден Кыргызстанга чоң кубаныч алып келишиңерге тилектешмин”.

Спортчулардын атынан Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков, Эрназар Акматалиевдер сөз сүйлөп, федерацияга ыраазычылык билдиришти. Айсулуу Тыныбекова федерациянын президенти Мелис Турганбаевдин колдоосун баса белгиледи:

“Мелис Токтомамбетович спортчуларды туруктуу колдоп келет. Ар бир спортчуга, машыктыруучу, дарыгерлерге чейин айлыктарын көтөрүп, ар тараптан колдоп, эмгегин баалап турат. Мен чын дилден ыраазычылык билдирем. Эмгек бааланган сайын ийгилик жаратууга болгон дымак чоңое берет. Биз үчүн маанилүү болгон олимпиада оюндарында алтын медалдарды багындырууга бардык күч-аракетибизди жумшайбыз”.

Кыргыз спортун көтөрүүдө эбегейсиз эмгеги бар Аскар Салымбеков спортчуларга жеңиштери жана дүйнөлүк турнирлерде Кыргызстандын күйөрмандарын кубандырганы үчүн ыраазычылык билдирди:

“Акыркы жылдары спортто өтө чоң ийгиликтер болуп жатат. 2024-жылы боло турган олимпиададан күрөшчү спортчуларга ишеним артып турабыз. Бир эмес, бир нече алтын медаль күтүп калабыз”.

Аскар Салымбеков кыргызды тааныткан спортчуларга сыйлыктарды ыйгарып, эркин күрөшчү Алибек Осмоновго бир бөлмөлүү батирге сертификат белек кылды.

Иш-чарага келген Жогорку Кеңештин депутаттары, спорт ишмерлери өз ара пикир алышып, жакынкы келечекти пландаштырышты. Салтанат концерттик программа менен коштолду.