AUCA the best 2

2024-03-28

Жаңылыктар

Көк бөрү боюнча Кара-Кулжанын кубогу өткөрүлдү

2-3-январь күндөрү Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылында көк бөрү боюнча “Кара-Кулжа ынтымагы” кубогу жыйынтыкталды.

Маалым болгондой, Кара-Кулжа райондук администрациясы  менен көк бөрү федерациясы тарабынан уюштурулган оюн Тезекбай Айбашов ат майданында өттү. Ага 12 айыл өкмөттөн 15 команда катышты. Мелдешке чоң айыл өкмөттөрдөн экиден команда, калган айыл өкмөттөрдөн бирден командалар катышты. Кызуу таймаштардын жыйынтыгында байге ээлери төмөнкүдөй сүрөттөлүшкө ээ болду:

1-орун – Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн командасы (100 миң сом);

2-орун – Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн командасы (70 миң сом);

3-орун – Сары-Булак айыл өкмөтүнүн командасы (50 миң сом,);

4-орун – Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн командасы (30 миң сом).