AUCA the best 2

2024-05-02

Жаңылыктар

Алышчылар дүйнөлүк оюндарда 5 медаль утту - үчөө алтын

Кыргыз Республикасынын “Алыш” белбоо күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Эр-Рияд шаарында (Сауд Арабия) өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк оюндарда 5 медаль (3 алтын, 2 коло) жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 90 кг чейинки салмак категориясында Азизхан Мусабек уулу, 70 кг чейинки салмакта Марлен Абдрасулов алтын медалга ээ болду. Ошондой эле 80 кг чейинки салмакта Элдияр Сексенбаев коло медаль тагынды.

Кыз-келиндер арасында 55 кг чейинки салмакта Элзада Момунжанова алтын утуп, ал эми 65 кг чейинки салмак даражасында Аземи Камчыбекова 3-орунду камсыз кылды.

Курама команда башкы машыктыруучу Каныбек Абытовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Эскерте кетсек Бүткүл дүйнөлүк оюндары 20-октябрь күнү башталган. Жалпы 15 спорттун түрүнөн мелдештер өтүп жатат. Кыргызстандын улуттук курама командасы карате, самбо, джиу-джитсу, грепллинг, казак күрөшү, “Алыш” белбоо күрөшү жана кикбоксинг боюнча катышууда.

Мелдеш 30-октябрь күнү жыйынтыкталат.