2024-05-02
Жаңылыктар
Алмаз Сманбеков эл аралык турнирде алтын тагынды
Кыргызстандык Алмаз Сманбеков Казакстанда өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык турнирдин жеңүүчүсү болду. Турнир 3-5-ноябрь күндөрү Тараз шаарында өттү.
Сманбеков 57 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, ага жалпысынан 20 спортчу катышкан.
Кыргызстандык 1/8 финалдык баскычтан баштап, казакстандык спортчуларды катары менен 4 жеңишке жетишип, турнирдин жеңүүчүсү болду.