AUCA the best 2

2024-04-19

Жаңылыктар

Таласта Жеңиш күнүнө арналган ат оюндары өтөт

4-9-май күндөр Райкан Алканов атындагы ат майданында (Талас шаары) Жеңиш күнүнө карата Сүймөнкул Чокморовдун жана Үсөн Кудайбергеновдун элесине арналган ат оюндары өтөт.
 
 
Атап айтсак, көк бөрү, эр эңиш жана салбуурун боюнча мелдештер болот. 
Мындан тышкары, ат оюндарынын алкагында Ош шаарынын «Төлөйкөн» ат майданында ат чабыштын түрлөрү уюштурулат. 
 
Уюштуруучулар: Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы, Кыргыз Республикасынын көк бөрү, аргымак, салбуурун, эр эңиш федерациялары.
 
Булак: sport.gov.kg