AUCA the best 2

2024-03-29

Жаңылыктар

Көк бөрү: Чүй жана Ош облусунун оюнчуларынын мыкты салымдары

Бүгүн 18-октябрь күнү көк бөрү оюну боюнча Республикалык чемпионат башталды. Мелдеш Чүй облусунун Сокулук районунда орун алган Белек ат майданында өтүп жатат.
Бүгүн жалпы үч оюн болду. Оюн талаасына алгач Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын оюнчулары чыккан. Бүйүр кызыткан учурлар орун алып, 10:3 эсебинде Чүй облусунун жеңиши менен аяктады. Ал эми экинчи бөлүгүндө Талас жана Ысык-Көл облусунун командалары күч сынашкан. Жыйынтыгында 6:0 эсебинде Талас облусу жеңишти камсыз кылды. Ошондой эле үчүнчү болуп оюн талаасына Ош жана Жалал-Абад облустарынын командалары чыккан. Ош облусунун келген команда 15:4 эсебинде жеңишке жетишти. 
 
Эртең 19-октябрда боло турган оюндардын тизмеси:
                    11:00
"А" тайпасы Бишкек - Нарын
                    12:30
"В" тайпасы Ысык-Көл - Баткен
                    14:00
"С" тайпасы Жалал-Абад - Ош шаары