AUCA the best 2

2024-04-26

Жаңылыктар

Афганистан командасы көк бөрү боюнча КРнын Президентинин Кубогуна катышат

 28-июнда Кыргыз Республикасынын Көк Бөрү федерациясынын башкы катчысы Куватбек Аскарбековдин Афганистандын көк бөрү боюнча «Кандагар» командасынын жетекчиси Кайс Хасан менен онлайн видео жолугушуусу өттү. 
Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Афганистан Ислам Республикасындагы Элчилиги аркылуу уюштурулду. 
 Жолугушуунун жүрүшүндө мурастын уландысы катары көк бөрү оюнунун маанилүүлүгү талкууланды. Тараптар тажрыйба алмашуу жаатында эл аралык платформа түзүү жолу менен көк бөрүнү жайылтуу боюнча кызматташууга тилектештигин билдиришти. 
 
Кыргыз Республикасынын Көк Бөрү федерациясы командалардын катышуусунда биргелешкен машыгуу жыйындарын Кыргызстанда уюштурууга даяр экендигин Куватбек Аскарбеков белгиледи. Окуу-машыгуу жыйындары эл аралык аренада көк бөрү оюнун өнүктүрүү жана башка чет элдик спортчуларга тажрыйба берүү максатында өткөрүлөт. Мындан тышкары, окуу-машыгуу жыйындарынан кийин Афганистандын курама командасы көк бөрү боюнча КРнын президентинин кубогуна катышат. Эл аралык мелдеш Чолпон-Ата шаарынын (Исык-Көл облусу) ат майданында август айынын аягында өтөт. «Көк Бөрү - бул чыныгы көчмөндөрдүн оюну, буга байланыштуу КРнын Көк Бөрү федерациясынын башкы милдети - тайканазандагы оюнду өнүктүрүү, бул үчүн колизей формасында ат майдан курууну пландап жатабыз», - деп кошумчалады К. Аскарбеков.
 
«Афганистанда көк бөрү оюнун мындан ары өнүктүрүү үчүн, биз Кыргызстандын Көк Бөрү федерациясы менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюуга кызыкдарбыз. Ошондой эле, биз сабак алыш үчүн көк бөрү боюнча машыктыруучуларды жиберүүнү суранабыз», - деди Кайс Хасан.
 
Булак: Көк бөрү федерациясы