AUCA the best 2

2024-04-24

Жаңылыктар

Көк бөрү: Алгач оюн талаасына Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын командалары чыгат

Эртең 18-октябрь күнү көк бөрү оюну боюнча Республикалык чемпионат башталат. Мелдеш Сокулук районунунда орун алган Белек ат майданында өтөт. Турнирге жалпы тогуз команда катышат. Жети дубандан жана Бишкек Ош шаарларынан келген командалар күч сынашат. Командалар үч тайпага бөлүнүп, оюн көргөзөт. 

Эртең алгач оюн талаасына Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын командалары чыгат. Мелдеш саат 11:00 дө башталат. Мындан сырткары саат 12:30 да  Талас Ысык-Көл облусунун командалары беттеш өткөрөт. Ал эми үчүнчү Ош жана Жалал-Абад облусунун командалары күч сынашат. Мелдеш үчүнчү этабы 14:00 дө башталат. Белгилей кетсек аталган чемпионат 24-октябрга чейин уланат.

 

Тайпага бөлүнгөн командалардын тизмеси:

А1 - Чүй облусу

А2 - Нарын облусу

А3 - Бишкек шаары 

 

В1 - Талас облусу

В2 - Ысык-Көл облусу

В3 - Баткен облусу

 

С1 - Ош облусу

С2 - Ош шаары

С3 - Жалал-Абад облусу