AUCA the best 2

2024-04-19

Жаңылыктар

Жылдызбек Айтимбетов: “Аламан улакка эреже киргизип, федерация түзүш керек”

Өткөн жума Өзгөн районунун “Шагым” айылында аламан улак болуп, келген коноктордун видеосу интернетке тарады. Эл арасында кеңири тараган көк бөрүнүн бул түрүн өткөргөн жаран Жылдызбек Айтимбетов менен маектештик. 

- Жылдызбек мырза элдик аламан улакты өткөрүп , эмнелерге саресеп салдыңыз?
- Аламан улакты өткөрүүнүн себеби бар. Балдарыма элден бата алып берип, жердештиримди кышкы спорт менен башын бириктирүү болчу. Жалпы Өзбекстан, Казакстандан болуп беш миң конок келди. Бул албетте кубантырбай койбойт. Көк бөрүнүн күйөрманы катары аламан улакка эреже киргизип, федерация түзүү керек деп ойлойм. Анткени оюндун ышкысына баткан жарандар байге алуу үчүн, тулпарды ашыкча кыйнап жатышат. Оюнчулар бири-бирине тап берип, ат  үстүндө кер-мур айтыша кеткендер көп катталат. Андай жагымсыз окуяны болтурбоо үчүн калыстар менен эреженин болушу керек. 

- Өзүнүз спорттун кайсы түрү менен алектенесиз?
- Азырынча спорттун такай бир түрү менен машыкпайм. Студент кезде кур күрөш, эркин күрөш менен машыккам. Келечекте өзүм тулуп-өскөн Шагым айылына спорттун көптөгөн түрүн камтыган заманбап спорт зал салып берүү ниетим бар.

- Атаңыз Айтимбетов Суранбай мырза да волейболду мыкты ойногон дешет...
- Туура айтасыз. Атам кезинде курама командада ойноп, волейбол дүйнөсүндө орду бар. Жакында 50 жаштан жогоркуларга атайын волейбол мелдешин уюштуруп бердим.  Кезинде ыраматылык апам да айымдар арасындагы эр эңишке түшчү. 

- Байгелер өз ээлерин калыс таптыбы? 
- Калыс ыйгарууга аракет кылдык. 1 авто унаа, 10 топоз, 10 тай, 10 төө коюлду. Бирок бир күн жетишсиз болуп, 5 төө гана өз ээсин тапты.