AUCA the best 2

2024-04-26

Жаңылыктар

Көк бөрү: Достук мелдеши жыйынтыкталды

Бүгүн 17-октябрь күнү HYDE PARK эс алуу борборунда маданият өкүлдөрүнүн катышуусунда "Достук" мелдеши болуп өттү.

Турнирге жалпы төрт команда катышып, бүйүр кызыткан учурлар оорун алды. Беттештин алгачкы этабында журналисттер жана блогерлер оюн талаасына чыккан. Жыйынтыгында 1:0 эсебинде блогерлер командасы жеңишке жетишип финалга жолдомо алган. Ал эми мелдештин экинчи этабында "Маданият 1" жана "Маданият 2" командалары беттешкен. Жыйынтыгында 5:3 эсебинде "Маданият 1" жеңишке жетишип финалдык баскычка көтөрүлдү. Ошондой эле үчүнчү орун үчүн беттеште журналисттер жана "Маданият 2" командалары күч сынашты. Бүйүр кызыткан беттеште 1:0 эсебинде "Маданият 2" командасы үчүнчү орунду камсыз кылды. Ал эми журналисттер командасы төртүнчү орунга ээ болду. Финалдык беттеште блогерлер жана "Маданият 1" командалары 1:1 эсебинде тең чыгып, булиттин жыйынтыгында 2:1 менен "Маданият 1" командасы биринчи орунду камсыз кылды. Мелдештин жалпы байге фонду 100 000 сомду түзгөн. Белгилей кетсек мелдешке Максат ажы Токтомушев катышып, журналисттердин командасында оюн көргөзгөн. Аталган мелдеш маданият өкүлдөрүнөн ортосунда улуттук оюндарды өнүктүрүү жана жайылтуу максатында уюштурулган. Демилгечи топтун айтымында бул иш-чара мындан ары уланат деген ишеничте.

Катышкан командаларга акчалай, медаль жана кубок тапшырылды.

1-орун "Маданият 1" командасы 50 миң сом

2-орун "Блогерлер" командасы 30 миң сом

3-орун "Маданият" командасы 15 миң сом

4-орун "Журналисттер" командасы 5000 сом