AUCA the best 2

2024-04-25

Жаңылыктар

Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча КР Президентинин Кубогу үчүн эл аралык мелдеш өтөт

22-31-августь күндөрү, Чолпон-Ата шаарынын ат майданында (Ысык-Көл облусу) Кыргыз Республикасынын Президентинин Кубогу үчүн көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш өтөт. 
 Иш-чара өлкөнүн көз карандысыздыгынын 30-жылдыгына карата өткөрүлөт. Мелдештер Кыргызстандын жана жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн клуб командалары арасында өткөрүлөт. Бул мелдеш көк бөрү оюнун кеңири жайылтуу, андан ары өнүктүрүү, улуттук спортту жайылтуу жана эл аралык аренада достук мамилелерди чыңдоо максатында өткөрүлөт.
 
Мындан тышкары, 26-августтан 31-августка чейин Төлөйкөн ат майданында (Ош облусу) көк бөрү боюнча мелдеш өтөт. Спорттук иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекциясы Кыргыз Республикасынын Көк бөрү федерациясы менен биргеликте уюштурууда. Эске салсак, көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Киборгу жыл сайын өткөрүлүп келет.