AUCA the best 2

2024-04-29

Жаңылыктар

Кыргызстандык төрт балбан дүйнөлүк рейтингде алдыга чыкты

Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) Кытайда өткөн Азия оюндарынын жыйынтыгы боюнча жаңыланган дүйнөлүк рейтингин жарыялады.

Жаңы рейтингде кыргызстандык спортчулар эркектер жана аялдар арасында грек-рим жана эркин күрөш боюнча 30 салмак категориясынын ичинен төрт салмак категориясында алдыңкы орунга чыкты.

Жоламан Шаршенбеков (60 кг чейин), Акжол Махмудов (77 кг чейин) жана Айсулуу Тыныбекова Сербияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда жеңишке жеткенден кийин дүйнөлүк рейтингде 1-орунга ээ болушту.

Айпери Медет кызы (76 кг чейин) Кытайда өткөн Азия оюндарында жеңишке жетип, өз категориясында лидер болду.

Эркин күрөш боюнча рейтингде 70 килограммга чейинки салмак ченинде Эрназар Акматалиев 1-орундан 2-орунга төмөндөсө, Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг чейин) 6-орундан 2-орунга көтөрүлдү.

57 килограммга чейинки салмакта Алмаз Сманбеков 6-орундан 2-орунга көтөрүлдү.

Жылдын аягында дүйнөлүк рейтингде ТОП-3 орун алган спортчулар UWW тарабынан акчалай сыйлыктарга ээ болушат.