AUCA the best 2

2024-05-02

Жаңылыктар

Белбоо күрөшчүлөр эл аралык мелдеште 8 күмүш медаль утту

Кыргызстандын белбоо күрөшү боюнча курама командасынын мүчөлөрү эл аралык мелдеште 8 күмүш медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш Россиянын Казань шаарында 2-5-ноябрь күндөрү өткөн. Ага 12 мамлекеттен келген спортчулар катышты.

Кыргызстандын курама командасы жалпы командалык эсепте экинчи орунду ээледи.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

• Нурданбек Курманбек уулу (57 кг);
• Толубай Шүкүров (62 кг);
• Калысбек Каюмов (68 кг);
• Молдобек Муратбек уулу (75 кг);
• Мыктыбек Өмүрзак уулу (82 кг);
• Болотбек Туратов (90 кг);
• Сыймык Чубак уулу (100 кг);
• Тилек Куралов (+100 кг).

Курам Жеңишбек Токтоназаровдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.