AUCA the best 2

2024-09-08

Жаңылыктар

Кыргызстандык спортчу Ташкенттеги турнирде алтын утуп алды

Кыргызстандык спортчу Нурсултан Кеңешбеков Ташкентте (Өзбекстан) өткөн эл аралык турдун жеңүүчүсү болду. Өзбекстандын ачык чемпионаты 27-28-май күндөрү өттү.

 

Кыргызстандын атынан 15 спортчу катышкан. Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Украина жана Кыргызстандын спортчулары медалдар үчүн күч сынашты.

28-майда Нурсултан Кеңешбеков 5000 метр аралыкка чуркап, 14 мүнөт 19 секунд жыйынтыгы менен биринчи болуп алтын медалды жеңип алды.