AUCA the best 2

2024-04-26

Жаңылыктар

Бишкекте "Түнкү жарым марафон" өтөт

Үчүнчү түнкү жарым марафон Бишкекте 19-июнда өтөт. Уюштуруучулардын айтымында, быйыл жарыштын орду өзгөрдү - жарым марафон жолу Чокан Валиханов көчөсү менен Чүй проспектиси аркылуу өтөт.

 Жарыштын катышуучулары бир нече сунушталган аралыкты тандай алышат - 5 км, 10 км, 21,1 км жана 21,1 Экиден (компаниялардын мелдеши). 5 км аралыкта аялдар жана эркектер арасында ТОП-3 сыйланат. 10 км аралыкта үч мыкты дагы сыйланат, бирок бир нече жаш категориялары боюнча (18-29, 30-39, 40-49, 50-59 жана 60 жаштан жогору). Бул аралыктарда жеңүүчүлөргө демөөрчүлөр тарабынан белектер берилет.

21,1 км аралыкта ышкыбоздор жана кесипкөйлөр арасында жаш курак категориялары боюнча алдыңкы үчтүккө (18-29, 30-39, 40-49, 50-59 жана 60 жаштан жогору) акчалай сыйлыктар берилет (1-орун - 8000 сом, 2-орун - 5000 сом, 3-орун - 3000 сом).

 Түнкү жарым марафонго каттоо 10-июнга чейин созулат. 2000 адам чегине жеткенде, каттоо белгиленген күнгө чейин жабылат. Мелдешке каттоону уюштуруучулардын веб-сайтынан жана кеңседен жүргүзсө болот.