AUCA the best 2

2024-04-25

Жаңылыктар

Дзюдо боюнча курама команда Түркияда эл аралык окуу-машыгуу жыйын өткөрөт

Дзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасы 20-30-июнь күндөрү Анталия шаарында (Түркия) өтө турган эл аралык окуу-машыгуу жыйынга катышат.  
Окуу-машыгуу жыйынга төмөнкү курамда катышат:
1. Кубанычбек Айбек уулу, СЧ, 60 кг;
2. Владимир Золоев, ЭДСЧ, 81 кг;
3. Эрлан Шеров, СЧ, 90 кг;
4. Абдужалил Юнусов, башкы машыктыруучу.   
Белгилей кетсек, курама команданын мүчөлөрү Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш-сапарга жөнөтүлөт. 
Булак: sport.gov.kg