AUCA the best 2

2024-04-26

Жаңылыктар

Кыргызстандык дзюдочулар кадеттер жана өспүрүмдөр арасында Азия Кубогунда 3 алтын медаль тагынышты

Кыргызстандык дзюдочулар 14-16-май күндөрү Алматы шаарында (Казакстан) өткөн  кадеттер жана өспүрүмдөр арасында Азия Кубогунда 3 алтын медаль тагынышты. 
Кадеттер арасында Кочконбаева Адина (57 кг) жана  Канатбеков Эржан  (73 кг), ошондой эле өспүрүмдөр арасында Исаева Ажар (63 кг) Азия Кубогунун жеңүүчүлөрү болушту. 
Белгилей кетсек, Азия Кубогунда Кыргызстан, Таджикстан, Өзбекстан жана  Казакстандан келген 250гө жакын спортчу күч сынашты.
Булак: sport.gov.kg