AUCA the best 2

2024-04-23

Жаңылыктар

Кыргызстандын оор атлетчилери өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпиондугуна катышат

Кыргызстандын оор атлетика боюнча улуттук курама командасы 21-майдан 31-майга чейин Ташкент шаарында (Өзбекстан) өтүүчү өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпиондугуна катышат.
Команданын курамында Элзар Таиров (61 кг) жана Ишимбек Муратбек уулу (67 кг) бар. Улук машыктыруучу - Шатманов Элдияр. Алар Ташкентке 21-майдан 29-майга чейин Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан жөнөтүлгөн.