AUCA the best 2

2024-04-20

Жаңылыктар

Эверест чокусун багындырган Эдуард Кубатов Бишкекке учуп келди

Кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов 5-июнда Бишкекке келди. Аны эл аралык «Манас» аэропортунан Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин  директору Канат Шабданбаев, анын орун басары Союзбек Надырбеков, үй-бүлөсү, туугандары, достору жана күйөрмандары тосуп алды.

Өз кезегинде альпинист экспедицияга катышкан 14 адамдын ичинен 5 адам гана Эверестке чыккан. Ал буга 2014-жылдан бери даярданып келгендигин белгиледи. Кубатов дагы эки чокуну - Денали (Түндүк Америка) жана Винсон Массифти (Антарктида) багындырып, "Дүйнөнүн жети чокусун" багындырууну  пландаштырууда.